Бишкекте Италия киносунун күндөрү өтүп жатат

Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Италия киносунун күндөрү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, иш-чаранын расмий ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Италиянын Маданият министрлигинин кино жана аудиовизуалдык искусство башкы башкармалыгынын атайын долбоордук жетекчиси Роберто Стабиле катышып, сөз сүйлөштү.
Марат Тагаев өз сөзүндө 17-ноябрдан баштап Бишкекте биринчи жолу Эл аралык кинофестиваль баштала турганын, анын алдында Италия Кино күндөрүнүн өтүп жатышы өзгөчө мааниге ээ экенин, аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдей турганын белгилеп, Италиядан келген конокторго ыраазычылык билдирди.
Андан соң көрүүчүлөргө Италиянын "Даньте" тасмасы көрсөтүлдү.
Ал эми саат 20:00дө театрдын кичи залында көрүүчүлөрдүн назарына "Сага чуркайм" тасмасы коюлду.
Ал эми бүгүн, 16-ноябрда саат 12:00дө "Орландо", саат 14:30да Ipersonia тасмасы көрсөтүлөт. Эки тасма тең "Ала-Тоо" кинотеатрынын кичи залында коюлат.
Тактап айтканда, эки күндүк Италия кино күндөрүндө көрүүчүлөр орусча субтитрлери менен италия тилинде төрт толук метраждуу көркөм тасмаларды көрө алышат. Кирүү акысыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан