Газ койдурууга РСК Банктан 8 пайыз жана 12 пайыз менен кредит!

«РСК Банк» ААК жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК «Газ койдурууга жеңилдетилген каржылоо» мамлекеттик программасын сунуштайт.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары газды туташтыруу жана үйгө газ жабдууларын сатып алуу үчүн жеңилдетилген шарттарда каражат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кредиттин артыкчылыктары:

• Күрөө коюлбайт;

• Суммасы – 150 000 сомго чейин;

• Төмөндөтүлгөн пайыздык чен:

- 8% - кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 150,0 чарчы метрге чейин болсо (натыйжалуу пайыздык чен 8,47%);

- 12% - кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 150,0 чарчы метрден жогору болсо (натыйжалуу пайыздык чен 12,94%).

Кредиттин мөөнөтү:

- 12 жана 24 ай.

Кредиттин максаты:

• курулуш-монтаж иштерине;

• газ аркылуу жылытуу жабдууларын орнотуу/сатып алууга;

• кыймылсыз мүлк объектилери боюнча керектеүү материалдарды сатып алууга;

• газ койдурууга мурда алынган кредиттерди кайра каржылоого.

Бул продукт РСК Банктын иш-аракетинин маанилүү багыты- туруктуу өнүгүү принциптерине жооп берерин белгилей кетүү зарыл. Катуу отундан жаратылыш газына өтүү абанын булганышын азайтууга жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга көмөк болот.

Толук маалыматты банктын 9111 телефону боюнча байланыш борборуна чалып же www.rsk.kg сайтына баш багып, алууга болот.

Улуттук банктын лицензиясы №033, 033/1.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан