Тиктокер Нуркыз Токтогонова: "Мектепте окуп жүргөндө мени мугалимдер көп басынтчу"

SUPER.KG порталынын кезектеги коногу блогер, көбүнчө апаларды, мугалимдерди туурап ТикТок тарткан Нуркыз Токтогонова болду. Каарманыбыз маек учурунда жеке жашоосу, ийгиликтери, кыйынчылыктары жана чыгармачылыктагы пландары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал ТикТоктогу контенттеринин көпчүлүгү өзүнүн жашоосунан алынгандыгын кошумчалады.

"Менин Тик-токтогу видеолорумдун көп бөлүгү өзүмдүн жашоомдон алынган. Мен ата-эненин, мугалимдин образын чагылдырып вайн тарткандыгымдын себиби алар баланы урушканда сырттан кандай көрүнөт, бала кандай абалда калат ошону жеткиргим келет. Ал эми кээ бир адамдар менин бул тарткан вайндарымды тилекке каршы түшүнүшпөйт",- дейт каарманыбыз Нуркыз Токтогонова.

Мындан тышкары ал мектепте мугалимдер тарабынан басынтып жүргөн окуучулардын катарында экендигин айтып өттү.

"Мен 11 жылдын ичинде 6 мектеп алмаштырып окугам. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Казакстанга да барып окуп келдим. Мени мугалимдер көп басынтчу. Мен вайндарымда көбүнчө окуучуларды басынткан мугалимдин образын тартам. Эми мындан ары ошол басынтылган окуучунун образын тартайын деген оюм бар", - деп кошумчалады ал.

Видеону кененирээк көргүңүз келсе, төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан