"Акыркы сабак" сериалынын баш каармандары, жаш актёр Кутман Айылчиев менен жубайы, актриса Океана жакында ата-эне статусуна ээ болушат. Мындай сүйүнүчтүү жаңылыкты алар социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.
"Биздин кичинекей үй-бүлөбүз өсүп келе жатат. Биз сезимдерибизди сөз менен айтып жеткире албайбыз. Биз сен үчүн абдан ыраазыбыз жана сени чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазышкан алар.
Айта кетсек, жаш жубайлар өткөн 2022-жылдын жай мезгилинде баш кошушкан.