Бишкекте КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызатынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ассамблеянын күзгү сессиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин сунушу менен Кыргызстанда өтүп жатат.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Беларусь Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга КМШ ПАА мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер келишкен.

КМШ ПААнын 56-пленардык отурумда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар моделдик мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда. Ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентчилеринин делегациялары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан