Президент Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Токио шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аларды мындан ары тереңдетүү боюнча пландар талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан жана жеке өзү үчүн бул сапар тарыхый болуп саналарын белгиледи. Сапардын алкагындагы жолугушуулар япон тарап менен мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берет.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналарын, аларды мындан ары өнүктүрүү зарыл экенине басым жасады.

Ал Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн бери демократиялык өнүгүүгө умтулганын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров демократияны жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө үчүн япон тарапка Кыргызстанды узак мөөнөттөн бери колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Фукусиро Нукага өткөн жылы тараптар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенин билдирди. Ал баса белгилегендей, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык өтө жогорку жана ишенимдүү деңгээлде өнүгүүдө.

Фукусиро Нукага Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, салттуу өз ара түшүнүшүү духунда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан