Бишкекте эл аралык кинофестивалынын ачылышы өттү 

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка карганда, иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, көптөгөн кино жаатынын өкүлдөрү жана чет элден келген коноктор катышты.

Ага ылайык, Акылбек Жапаров өз сөзүндө биринчи эл аралык кинофестивалынын өтүп жатышы менен куттуктап, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кинолор тартылып жатканы биз үчүн чоң сыймык деди.

Маданият министри өз сөзүндө бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

Өлкө аралык кинофестивалы Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен биринчи ирет өтүп жатат. Бүгүнкү фестивалга Испания, Орусия, Швецария, Германия, Шри-Ланка, Ливия, Болгария, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөр катышып жатат. Кино жаатында иштеген бардык өкүлдөрдү куттуктайм”, - деди Максутов.

Белгилей кетсек, кинофестеваль улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан