Дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздар арасында 57 килограммга чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 килограмм салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Ал эми эркек балдар арасында 55 килограммга чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 килограммга чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 килограммга чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту. Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпиондугу Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жатат. 16-ноябрь күнү башталган мелдештер 19-ноябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан