Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Тилек Арапбаев 16-19-ноябрда Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Арапбаев ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицер-майору.
Белгилей кетсек, ӨКМ кызматкери 67,5 килограмм салмакта катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду. Анын чемпионатка катышуусун Кара-Суу райондук ӨКБ башчысы Сүйүн Осмонов өзү колдоого алып, демөөрчүлүк көрсөткөн.