Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылгынын 55 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата жарыяланган аткаруучулар арасындагы сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзгөн сынакка 30дан ашуун аткаруучу катышып, алар акындын автордук чыгармаларын аткаруу менен ат салышкан.

Жыйынтыгында:

1.Нурсултан Кадыралиев баш байгеге ээ болду;

2.Өмүрзак Кайыпов 1-орун;

3. Жанат Канат уулу, Самуэль Григгс 2-орун;

4. Иманбек Жээнбеков, Эрбол Абыкеев 3-орун;

Ал эми Арген Биймырза уулу менен Гулина Калыгулова кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Сыйлыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тапшырды.

Белгилей кетсек, залкар акындын чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата уюштурулган кароо сынак Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан