Бүгүн Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчү тасмалар аныкталат

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчү тасмалар аныкталат. Азем Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында эки күндөн бери "Ала-Тоо" жана "Манас" кинотеатрында улуттук жана эл аралык сынакка катышкан тасмалар көрсөтүлүүдө.

Тасмалардын жүрүшүндө дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан турган калыстар тобу, атап айтканда, Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён, Гүлсара Ажыбекова жана башкалар көз салууда.

Фестивалда эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма сынга коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан