Бишкек эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, мыкты тасмалар аныкталды

Бишкек эл аралык кино фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ага маданият министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, чет элден келген жана жергиликтүү кино ишмерлер, кино күйөрмандар катышты.

Аземдин жүрүшүндө айрым кино ишмерлерине Кинематографисттер Союзунун, Бишкек мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары жана медалдары тапшырылды.

Фестивалда CAF Питчинге сунушталган 10 долбоордун ичинен жеңүүчү болуп Асель Айшакимова менен Асель Ержанованын «Эсепти Төлө» долбоору табылды.

Ага ылайык, улуттук сынакка коюлган 8 тасманын ичинен «Акыркы көч» (Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) Гран-Принин ээси болду.

Ошондой эле «Мыкты режиссёр» - Айбек Дайырбеков «Эрмен жыты» тасмасы менен, «Мыкты актёр» - Артык Сүйүндүков «Көл» тасмасындагы ролу үчүн (режиссер Эмил Атагелдиев), «Мыкты көркөм аткаруу» - Акжол Бекболотов «Шамбала» тасмасындагы оператордук иши үчүн (режиссёр Артыкпай Сүйүндүков) сыйланышты.

"Сагынбай Манасчы" (режиссёр Эрнест Абдыжапаров) тасмасына атайын сыйлык ыйгарылды.

Ал эми эл аралык кино сынакка коюлган 10 тасманын ичинен Гран-Приге «Жекшемби» (Өзбекстан, режиссёр Шокир Холиков) тасмасы татыды. «Мыкты режиссёр» сыйлыгын - Актан Арым Кубат «Эсимде» тасмасы менен алса, «Эркектин мыкты ролу» - «Чыйыр» тасмасы (режиссёр Михаил Кулунаков) татыды. Калыстар тобунун байгеси казакстандык режиссёр Кенжебек Шайкаковдун «Айгай» тасмасына ыйгарылды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек эл аралык фестивалы алгачкы жолу өткөрүлдү. 17-ноябрда старт алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан