Ырчы Ильгиз Абдалиев: “Көп жылдан бери туулган күнүмдү ата-энем менен бирге белгилей элек болчумун”

Бүгүн, 22-ноябрь - эстрада ырчысы Ильгиз Абдалиевдин туулган күнү. Ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, быйыл майрамды жылдагыдан өзгөчөлөнтүп, ата-энеси менен бирге белгилеп жатканын билдирди.

"Көп жылдан бери, тагыраагы, окууну бүтүп кеткенден баштап ата-энем менен чогуу туулган күнүмдү өткөрө элек болчумун. Быйыл алардын жанында болуп өзгөчө өтүп жатат. Буга иним себепчи, ал үйлөнүп, бизди келиндүү кылды. Азыркы тапта өздүк майрамды келинимдин колунан ысык чай ичип, ата-энем менен бирге өткөрүүдөмүн. Ал эми кечинде 11 жыл бирге окуган классташтарымды конокко чакырып, белгилейм. Буга чейин борбордо шеринелеш досторум жана алардын үй-бүлөсү менен биргеликте чакан чөйрөдө тосчумун. Туулган күнүмдү биринчилерден болуп жубайым куттуктады. Андан соң ата-энем, бир туугандарым улантты. Маанайым сонун, Кудайга шүгүр баарына. Мындан тышкары дарегиме мыкты каалоо-тилектер айтылып жатат. Алардын ар бирине ыраазычылык билдирем. Убакыт учкан куш экен. Бат эле жашыма бир жаш кошулуп калды", - деди Ильгиз Абдалиев.

Ырчы 1989-жылы ушул күнү жарык дүйнөгө келген. Учурда 2 баланын атасы. Ильгиз Абдалиев “Саманчынын жолу”, “Жубайым”, “Көркөмүм” аттуу ырлардын аткаруучусу. Мындан тышкары азыркы тапта жаңы чыгарманын үстүндө иштеп, аны күйөрмандарына жаңы жыл алдында тартуулоону мерчемдөөдө.

22-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан