"Ош базарынан" жыныстык кызмат көрсөткөн уюк табылды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, буга чейин "Ош базарынын" Кулиев көчөсүндөгү менчик үйлөрдүн биринде жыныстык кызмат көрсөтүлүп келген. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде ал жерден кызмат көрсөткөн кыздар, кардарлар жана администраторлор кармалышкан. Алар бир саатына 250 сом, ал эми бир түнгө 1000 сом алышчу. Кардарлардын саны күнүнө 30га жетет.
Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн атайын жайларды уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.