Түркияда Кыргыз Маданият күндөрү өтөт

26-29-ноябрь күндөрү Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият минстрлигинен билдиришти.
Маданият күндөрү Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.
Чыгармачылык делегацияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектеп, бир катар маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эл артисттери барат.
Алардын катарында Роза Айтматова, Кыргызбай Осмонов, Абдылдажан Акматалиев, Саламат Садыкова, Күмөндөр Абылов, Тынар Абдразаева жана Роза Аманова сындуу өкүлдөр бар.
"Ал эми чыгармачылык топтун курамында Кыргыз Республикасынын эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Кыргыз Республикасынын эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр жана кино коюучу топ, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер бар", - деп айтылат маалыматта.
Маданият күндөрдүн программасынын долбоору:
"26-ноябрь
- Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында кино күндөрүнүн расмий ачылышы;
- Анкара Чоң театрында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы.
27- ноябрь
- Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз кино күндөрүнүн уланышы;
- Анкара шаарынын Гази университетинде "Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы" аталышындагы конференция.
29 - ноябрь
- Анталья шаарындагы Хашим Ишжан маданий борборунда Кыргыз киносунун күндөрүнүн уланышы жана Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан