Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет
Эртең, 23-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең саат 14:00дө Алыкул Осмоноватындагы Кыргыз Улуттук китепканасында - китеп көргөзмөсү өтөт.
Ошондой эле саат 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленет.