Төө-Ашууда кар жаап жатат. Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө таңкы саат 05:30дан тартып чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө таңкы саат 05:30дан тартып чектөө киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан