Ырчы Гүлзат Байзакова: "Өздүк майрамымды жыл сайын белгилебей калам..."

Бүгүн, 23-ноябрда өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова 58 жашка толду. Ырчы туулган күнүндө эл кызматында болорун кубануу менен айтып өттү.

"Жыл сайын туулган күнүмдө иштеп, бул күндү белгилебей калам. Дүркүрөгөн күздүн күнү болгондуктан тойлордо, концерттерде үй-бүлөбүз менен кызмат кылып калабыз. Биз, чыгармачыл адамдар, ден соолукта болуп эл кызматында жүрө берели. Бүгүн да тойдо үй-бүлөм менен кызматтамын, ошондуктан өткөрбөйм. Бирок, 25-ноябрь жолдошумдун туулган күнү болгондуктан бул күндөрдүн урматына кийинчерээк экөөбүз Түркияга барып эс алып келүүнү мерчемдөөдөбүз. Ал эми былтыр балдарым Дубайга жолдомо белек кылышкан. Мен үчүн эң кымбат белек балдарымдын амандыгы, өлкөмдүн тынчтыгы. Туулган күнүмдү биринчилерден болуп инимдин келинчеги менен кызы куттуктады. Анан Ишен байкеңер, балдарым улантып, мындан тышкары туугандарым, жакындарым жана кесиптештеримен куттуктоолор келип жатат. Учурдан пайдаланып аларга терең ыраазычылык билдирем!" - деди Байзакова.

ЖЫЛНААМА: Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Ырчынын бала кези тоо койнунда өткөн. Мектеп курагында волейболду жакшы көрчү, студент кезинде да топту мыкты ойногон. Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп жүрүп "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан