Жогорку Кеңеште Акылбек Жапаров бюджет боюнча отчёт берүүдө

Бүгүн, 23-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бюджет боюнча баяндама жасап жатат.

Анда төрага 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчётту кароонун алкагында отчёт берүүдө.

Жыйында өкмөт башчы президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономиканын динамикалык өнүгүүсүн чагылдырган негизги экономикалык көрсөткүчтөргө басым жасады.

Жапаровдун айтуусунда, 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419,3 миллиард сомго өскөн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 миллиард сомду түздү.

Калктын жан башына ИДП доллар менен эсептегенде былтыр 1665 доллар болсо, 2023-жылы 1900 долларга жеткен. Ал эми акыркы үч жылда калктын жан башына ИДП 669 долларга өссө, 2010-2020 жылдар аралыгында өсүү 311 доллар болгон.

Жапаровдун айтымында бул сандар экономикалык өсүштү айкын көрсөтүп турат.

"Бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан