Жапаров: "Чек ара кызматына 2 жылда 20 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды"

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик чек арада жана күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганын, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөндүгүн билдирди.

“Чек ара кызматына 2 жылда 20 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон унаалар, камАЗдарды сатып алдык”, - деди төрага.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 2 жылда 100 пайыз жаңыланганын айтты.

“Элди бөөдө кырсыктардан сактоо, алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 2 жылда 4 эсеге көтөрүлдү, 30 жылда биринчи жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 тик учакка ок ээ болду. Жалпы 700 техника жаңырды. Мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 422 миллион сом бердик”, - деди Жапаров.

Коргоо министрлиги боюнча Жапаров биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс алынганын, азыркы күндө 10 тик учак, 1 самолёт иштеген абалга келгенин, бул абадан коргонуубузду камсыз кылаарын кошумчалады.

Ички иштер министрлигиндеги жүргүзулүп жаткан реформалар боюнча Акылбек Жапаров буларга токтолду.

“Ички иштер министрлигинде ар бир участкалык милицияга бирден планшет, бодикамераларды сатып бердик. 143 автотехника аймактарга кетти, 20 мобилдик автокоплекс ураган берилди. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800дөн ашуун видеокамера орнотулду”, - деди ал.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздук жактан элдин тынч жашоосуна коркунуч туудурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн, анын арты менен 2 террордук топтун, 144 диний-экстремисттик уюмдун иши жабылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан