Акылбек Жапаров жылына канча суммадагы карыз төлөнүп турарын айтты

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн тышкы карызын төлөөдөгү иштерге токтолду.

Өкмөт башчы өз сөзүндө учурда карыз төлөө эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди.

“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз. 2023-жылы 344 миллион доллар, 2024-жылы 400 миллион доллар, 2025-жылы 430 миллион доллар, 2026-жылы 390 миллион доллар. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянарын кошумчалады.

“Мамлекеттик активдердин көбөйүшү – өлкө саясатында экономиканын туруктуу болушуна түптүү негиз. 2023-жылдын 6 айында мамлекеттин активдери 712,9 миллиард сомду түздү. 2015-жылга салыштырсак, 21,4 эсеге көптүк кылат” – деди өкмөт башчы.

Жогорку Кеңеш 23.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан