"Эң биринчи апам куттуктады". Ырчы Кайрат Примбердиев 38 жашка толду

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев өздүк майрамын белгилөөдө. Ырчы туулган күнү менен эң алгач апасы куттуктаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Балакайым менин. Эртең менен саат 5-6да төрөлгөнсүң. Туулган күнүң менен куттуктайм. Ден соолугуң таза, өмүрүң узун болсун. Эля экөөңөр жетелешип, тең арып, тең карыгыла. Балдарыңардын төрүндө сыйын көрүп, бактылуу бакубат жашоонун доорун сүргүлө. Сени мага берген Кудайыма чексиз ыраазымын. Бапылдаган абышка бол, балам”, - деген жылуу сөздөрү менен куттуктаган апасы.

Андан соң туугандары, жакын инилери, кесиптештери куттуктап, Примбердиевдин жөнөкөйлүгүн белгилешти. Мындан тышкары ырчынын дарегине анын чыгармачылыкта орду бийик экендиги мындан ары да зоболосу бийик, ден соолугу бекем жана үй-бүлөсү менен бактылуу, жаркын жашоодо жашашын каалаган тилектер келүүдө.

ҮЙДҮН КЕНЖЕСИ

Ырчы Кайрат Примбердиев 1985-жылы ушул күнү Ош облусуна караштуу Кара Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Тыныбек Примбердиев аталган айылдын бала бакчасында жыгач уста болуп эмгектенген, бирок жүрөк оорусунан улам 27 жашында каза болгон. Апасы Күлүйпа Кубанычбекова да ошол эле бала бакчада ашпозчу болгон. Алар 2 кыз жана 1 уулдуу болушкан. Кайрат үйдүн кенжеси. Анын кичинекей кезинен эле кулагы музыкага мыкты, үнү тунук болгон. Атасы каза болгондон кийин апасы менен улуу эжеси экөө Таласка көчүп келишкен. Кичүү эжеси Ошто чоң апасынын колунда калат. Кайрат мектеп маалында ар кандай сынактарга катышып, комуз, вокал, манас айтуу ийримдеринен кошумча билим алган.

БИЛИМИ

2000-жылы Когой атындагы орто мектебинин 8-классын аяктап, айыл чарба фермери адистиги боюнча кесиптик техникалык лицейине окууга өткөн. Аны 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2004-жылы кайрадан Талас айыл чарба техникумуна айыл чарбасын автоматташтыруу жана электештирүү адистигине тапшырган. Окуу учурунда Кайрат абдан активдүү студент болгон. КВН жана вокалдык сынактарга катышып, бир нече жолу жеңүүчү болгон.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Жылдар өтүп Примбердиев ырдап белгилүү артист болуу кыялын ишке ашырганы, 2006-жылы техникумду бүтпөстөн Бишкек шаарына келет. Борбордон ал маалда элге таанылып, жаштардын айрыкча кыздардын кумирине айланган классташы Султан Садыралиевди кезиктирет. Садыралиев аны продюсери Динара Эсенгуловага сунуштап, сынактан өтөт. Келечектеги ырчынын талантын баалаган Эсенгулова бирге иштешүүнү сунуштайт. Ошентип Султан менен бирге чыгармачылыкка аттананып, алгач “Арноо” аттуу дуэт жаздырышат. Атактуу болуу максатын ишке ашырууну көздөгөн жаш ырчы алгач өлкөнүн аймактарын кыдырып, Султандын концертинде ырдап баштайт.

Ошол эле жылы октябрь айында Примбердиевди кыргыз элине тааныткан “Сагынганда” аттуу чыгармасын жаздырган.

2009-жылы Динара Эсенгулова менен түзүлгөн келишими соңуна чыгып, иштешүүнү токтоткон. Ошол жылдары Кайрат үчүн оор жыл болду. Чыгармачылыкта кыйналып, ырлардын үстүндө мурдагыдай иштебей, Бишкектин кафелеринде ырдап баштаган. Ал жакта ар кандай музыкалык жанрдагы чыгармаларды күн сайын жандуу аткаруу чыгармачылыгындагы диапазонун кеңейтүүгө мүмкүндүк берген.

2011-жылы ырчы коңшу Казакстанга кетип, Актау жана Атырау шаарларындагы рок клубтарда “Саундтрек” рок тобунун солисти катары ырдап калат. Кийинки жылы Бишкекке кайтып келип, Айсберг каймана аты менен белгилүү болгон рок-гитарист Руслан менен бирге “Аквамарин” рок тобун негиздеп, борбор калаанын рок клубдарына келген коноктордун жүрөгүнөн орун табат. Бирок, тилеке каршы ошол эле жылдын декабрь айында ал түзгөн топ жоюлуп, Кайрат кайрадан Казакстанга кетүүгө аргасыз болгон.

ИЙГИЛИГИ

Жаңы чыгармаларды жаратуу үчүн тажрыйба, күч, эргүү топтогон Кайрат Примбердиев 2015-жылы кайрадан чыгармачылык ишин улантат. Жылы кыргыз элинин арасында дароо хитке айланган “Поезддеги махабат” аттуу репертуарын жаздыруу менен башталат. Ошол эле жылы Орусиянын “Голос” шоусуна катышкандан кийин “Сен деги кандай немесиң” чыгармасы жарыкка чыккан. Ырчы Орусиянын популярдуу “Голос” жана “Главная сцена” музыкалык долбоорлоруна катышып, финалга чейин жеткен.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Ырчы, композитор жана коомдук ишмер Кайрат Примбердиев 2009-жылы үйлөнүп, бирок кийинки эле жылы жубайы менен эки ажырым жолго түшкөн. Биринчи никесинен бир уулу бар. Көп жылдар өтпөй ырчы кайрадан үйлөнөт. Коңшу өлкөдөгү ресторандардын биринде иштеп жүргөн жеринен, учурдагы жубайы Эльвира Бегалиева менен таанышып, мамиле курат. Ал дагы ошол эле жерде ырдаган.

2013-жылы түгөйлөр баш кошушкан.

Эльвира жолдошунун жашоосунда жана чыгармачылыгында маанилүү ролду ойногон. Ал аны жаңы чыгармаларды жаратууга шыктандырган жана эл аралык музыкалык сынактарга катышканда жанында болгон. Учурда жуптар Ариет жана Бекбол аттуу балдардын ата-энеси.

СЫЙЛЫКТАРЫ ЖАНА НОМИНАЦИЯЛАРЫ

2007-жыл – Жылдын мыкты автору (“Супер Инфо” гезити боюнча)

2015-жыл – “Башкы этап” орусиялык долбоорунун финалисти

2015-жыл- Бишкек шаарынын ардактуу атуулу

2016-жыл – “Голос” орусиялык долбоорунун финалисти

2017-жыл – Каракол шаарынын ардактуу атуулу

2017-жыл– Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

Ырчы Кайрат Примбердиев учурда чыгармачылык менен катар коомдук жана кайрымдуулук иштери менен алектенет. Ошондой эле кыргыздын музыкалык долбоорлорунда калыстар тобунун туруктуу мүчөсү. Күрөш өнөрүнө кызыгып, машыгуу залдарына дайыма барып турат. Мындан тышкары чет тилдерин үйрөнүүдө. Анткени күйөрмандарын бир эле КМШдан эмес, дүйнө жүзүнөн да тапкысы келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан