Шакиев Швейцариянын элчиси менен гидроэнергетика тармагына инвестиция тартууну талкуулады

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

“30 жылдан ашуун убакытты камтыган алакаларды мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча Швейцариянын гидроэнергетика жаатындагы заманбап тажрыйбасынан пайдаланып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз. Мындан сырткары тоо туризми жаатында да Швейцариянын жетишкендиктери арбын экенин эске алуу менен тажрыйба алмашуу да артыкчылыкка ээ”, – деди Шакиев.

Ошондой эле экономикалык байланыштар ортодогу мүмкүнчүлүктөргө толук жооп бербей тургандыгын айткан төрага соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатында да жигердүү иш алып баруу керектигине токтолду.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси да көтөрүлдү.

Өз кезегинде Оливье Бангертер айтылган бардык сунуштар боюнча тийиштүү иштерди алып барарын белгилеп, анын ичинен гидроэнергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан