
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 4 484 учур аныкталганын кабарлады.
Маалыматка караганда, кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда. Бул жерлерде вирустун жугушу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.
" Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 472 миң 476 бала эмдөө алды, бул 78 пайызды түзгөн. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өткөрүлөт", - деп айтылыт маалыматта.
Аймактар боюнча алганда: Бишкек шаары – 1 219 учур, Ош шаары – 349, Ош облусу – 720, Баткен облусу – 103, Чүй облусу – 658, Жалал-Абад облусу – 1 208, Талас облусу – 96, Ысык-Көл облусу облусу – 76, Нарын облусунда – 55 учур.
Эске салсак, ушул жылдын 1-ноябрында өлкө боюнча 3 289 учур катталган.