Бишкекте белгилүү калемгер Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкекте Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү калемгер Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият өкүлдөрү, калемгерлер, журналисттер жана окурмандар катышты.

Төрага Шакиев маараке ээсин куттуктап сөз сүйлөп, ал жаш акын-жазуучуларга акыл-кеңешин айтып, устаттык кылып келе жатканын баса белгиледи.

Нурланбек Калыбеков көптөгөн ыр китептеринин автору жана орус, казак жазуучуларынын эмгектерин кыргызчалаган котормочу катары белгилүү. Мындан сырткары, Кыргыз жаштар поэзиясынын жана прозасынын антологияларын түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан