Эртең, 26-ноябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад жергелеринде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 даражага чейин жетет.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.