2017-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды

Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган Кыргыз жараны Ч.А. кармалган. Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн ИИМ тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Ч.А. ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстанга келип, аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген.

Учурда бул кылмыштын шериктери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан