Бүгүн Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрү башталат

Бүгүн, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, делегацияны маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев жетектейт.

"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө Анкара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде кыргыз кино күндөрү жана Анкара Чоң театрында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы өтүп, ал кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көзгөзмөсү менен коштолот. Учурда чыгармачылык топ Анкара шаарында. Алар кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү үчүн даярданып жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан