Монголияда болуп өткөн Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Нурайым Бактыяр кызы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эл аралык айтыш Монголиянын Баян Өлгий шаарында өтүп, финалдык беттеш кечээ, 26-ноябрда болду.
"Аталган Эл аралык айтыш белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер Мурат Пушатай уулунун 70 жылдык мааракесине арналып “БАЙ ӨЛКӨМ-БАЙ БЕШИГИМ” аталышында болуп өттү",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган айтышка Кыргызстандан төкмө акыны Нурайым Бактыяр кызы менен “Манас” театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков барды.