Бек Исраилов: "Балалыгымдын жарымы ооруканада өткөн..." (видео)

SUPER.KG порталынын кезектеги коногу жакында эле Орусия шаарында болуп өткөн "Ну-ка все вместе" сынагына катышып, финалга чейин жеткен Бек Исраилов болду. Ал берүүдө фестивалга кантип даярданганы, кандай кыйынчылыктар болгону, кызыктуу күндөрү, ички сырлары тууралуу айтып өттү.

Анын айтымында, "Ну-ка все вместе" сынагына латвиялык ырчы айым Яна Клявина чакыргын.

"Мен мындан бир жыл мурда "Славянский базар" сынагына катышып, 3-орунду ээлегем. Ошол сынакта калыстар тобунун бири латвиялык ырчы айым Яна Клявина Инстаграм баракчама "Ну-ка все вместе" деген проект башталганы турат. Келип катышпайсыңбы мен сени сунуштайын" деп жазып калды. Сынактарга катышып жүргөм, бул сынактан да калбай, макулдугумду бердим. Мен "99" балл алам деп ойлогон эмесмин. Негизи 100 адамдын алдында ырдаган абдан оор экен. 12 жылдан бери чыгармачылыкта жүрүп, ондон ашык сынакка катыштым", - деди Бек Исарилов.

Ошондой эле ал өзүнүн балалыгы тууралуу айтып берди.

"Мен бала кезде көп балдар оорубаган оору менен ооругам. Ошол себептен апам мага оор жумуштарды жасатпай чоңойткон. Балалыгымдын жарымы ооруканада өткөн. Дарыгерлер мени ооруканадан "дарылай албайбыз, болбой калды" деп чыгарып койгон учурлар да болгон. Бул оору менен 7 жыл ооруптурмун. Бирок 12 жашымда дарыгер мен толук түрдө айыккандыгымды айтты", - деп кошумчалады ырчы.

Кененирээк төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан