Токтогулда милиция баңгизатын сатып жүргөн 28 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, 23-ноябрда Токтогул районунун аймагында түнкү саат 22:00 чамаларында Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.К.ны текшерген учурда кийип турган курткасынын оң жана сол чөнтөктөрүнөн төрт бурчтук формадагы кара-күрөң түстөгү баӊгизатка окшош зат табылган.
Бул окуя Токтогул РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар, так салмагы 270 грамм гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.