Ноокатта жаңы заманбап бала бакчанын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилди

Ноокат районунда гимнастика менен машыгуу залы бар жаңы бала бакчанын курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулду.
Объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бала бакчанын имараты 2 блоктон турат, жалпы аянты 1281,6 чарчы метрин түзөт.

"Долбоорго ылайык, бакчада балдар үчүн уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык кабинет, гимнастика менен машыгуу залы, дарылоо кабинети каралган.

Бүгүнкү күндө эмерек жана техникалык жабдуулары толук орнотулуп, курулуш-монтаждоо жумуштары толугу менен бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан