Ысык-Көлдө санитардык абалды аткарбаган мал союлуучу жай жабылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен иш алып барып келген мал союлуучу жайдын иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малды союп келгени аныкталды. Бул себептен аталган мал союлуучу жай Ветеринардык кызматтын жетекчисинин тапшырмасы менен ишин токтотту.

"Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.
Сапатсыз эт – ар бир жарандын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизерин түшүнүшүбүз керек", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан