Бишкектеги “Чынар” кафесинин коопсуздукту сактоо кызматкери кардардын акчасын жана күмүш чынжырчасын тартып алган

Бишкектеги “Чынар” кафесинин коопсуздукту сактоо кызматкери кардардын акчасын жана күмүш чынжырчасын тартып алган. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызда кафенин коопсуздукту сактоо кызматкери күч колдонуу менен 2800 сом акчасын жана күмүш чынжырчасын алып алганы жазылган. Учурда жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан