Beeline Кыргызстан инновациялык өнүмдөрдү киргизүүнү улантууда: жакында уюлдук оператор жаңы «УКМУШ TV» мобилдик телекөрсөтүүсүн тартуулады. Колдонуучулар ар түрдүү темадагы 200гө чейин кыргыз жана чет элдикканалдарды көрө алышат, бирок муну менен эле чектелбейт. «УКМУШ TV» телеканалынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кыргыз тилиндеги уникалдуу тасмалар жыйнагы.
Каналдардын кенен тандоосу менен бирге «УКМУШ TV» кошумча жазылууларды сунуштайт. Алардын арасында кыргыз, казак жана өзбек тилдерине которулган популярдуу тасмаларды, драмаларды жана мультфильмдерди тартуулаган KYRGYZCHA эксклюзивдүү онлайн кинотеатры бар.
KYRGYZCHA кызматында төмөндөгүдөй сонун мүмкүнчүлүктөр бар:
KYRGYZCHA онлайн-кинотеатры – чет элдик фильмдерди эне тилде көрүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарга KYRGYZCHA контенти менен таанышуу билимин текшерүүгө жана тереңдетүүгө жардам берет.
KYRGYZCHA кызматы менен мобилдик телекөрсөтүү «УКМУШ TV» Beeline компаниясынын «Супер» линиясынын тарифтеринин алкагында да, өзүнчө өнүм катары да, анын ичинде башка уюлдук операторлордун абоненттери үчүн да жеткиликтүү. Биринчи жолу туташканда, 30 күндүк акысыз сыноо мөөнөтү берилет.
Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!