Депутат Жумабеков тууну өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков тууну өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 28-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анда мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн караманын гүлү сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков авторлор келтирген жүйөлөр негизсиз экенин билдирди. Ошондой эле ал тууну өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү экенин айтып, бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушун берди.

"Депутаттарды эл шайлаган. Биз элдин атынан сүйлөйбүз. Бирок ушул элге тиешелүү болгон мыйзамда биз элдин пикирин эске албай туруп бул мыйзамды кабыл алып койсок, "Эл кандай кабыл алат, жыйынтыгы кандай болот?" деген суроо жаралууда. Эгерде туу жаңы кабыл алынган учурда көк түстө болгондо, ошол менен жашамакпыз. Түндүктүн ордуна арстан же жолборс коюлса, ошол менен жашап келмекпиз. Бирок аны да өзгөртөбүз десеңер, ушундай эле пикиримди билдирмекмин", - деди Жумабеков.

Ага Примов 1992-жылы желекти референдум менен эмес, парламент бекиткенин билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун 28-сентябрда коомдук талкууга алып чыккан. Бул демилге коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк сынга алууда.

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирген.

25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Кокулов документти сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.

Жогорку Кеңеш 28.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан