Бүгүн, 28-ноябрда Ошто Ооганстанда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам жеткирүү даярдыгы көрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы даярдыктар көрүлүп, ӨКМнын Ош шаарындагы кампасынан ун, май, керебет, жууркан (одеял), төшөк (матрац) сыяктуу керектүү жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүүдө.
Белгилей кетсек, ӨКМнын өлкө аймагындагы башкармалыктарынан келген гуманитардык жардамдар бүгүн кечке маал Ош шаарынын борбордук аянтына чогулуп, 29-ноябрда Ооганстанга жөнөп кетишет.