"Сени менен айтыш кылам, ошондо сен секиресиң же өкүнөсүң”. Калык Акиевдин мааракесине арналган айтыштан баян

Кечээ, 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз ССРнин Эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова жана бир катар эл оозунда жүргөн адамдар катышты.

Мааракеде баш байге үчүн жалпы 14 акын ат салышып, чүчү-кулактын негизинде жуптар аныкталды.

Алгач сахнага айтыштын ак жылдызы аталган Изат Айдаркулова менен анын атаандашы жаш акын Элмирбек Иманалиев чыкты. Айтышты Элмирбек Иманалиев баштап, кыргыздын улуулугун, барктуулугун, камчыны да сүйлөткөн касиеттүү эл экенин белгилеп, калк менен саламдашып өттү. Андан соң кара жаак, төкмө акын Калык Акиевди эскерип, устаты, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманаливдин шакирти болгонуна сыймыктанды. “Изат эжем кандай жүрөсүң, иниңди ичтен сүйөсүң. Бул эжем маалкатпай бат ырдайт, мага жагат мүнөзүң. Бирок келсең эмне жибек кыз, келинди кантип сүйөсүң? Ажыратып албайын ал да кимдин бүлөсүн”, - деп тийише сөздү Изат Айдаркуловага узатса “Ага эмес үкөсүң, сака эмес чүкөсүң. Эр жигитсиң кантсе да, эжеңе бүгүн түтөсүң. Эркелетип кубанткан, энеңдин колун узарткан. Эгизин бир жүрөктүн, анан сен ээсин качан табасың?”, - деп жооп кайтарды ал.

Андан кийин айтышты сүйгөн эл алдында Асылбек Маратов менен Мамбеттокто Мамбеторозо бири-бирине тийише кызуу айтышып, элди күлдүрө эл купулуна толушту. Анда Маратов “Кезинде Калык атабыз ырдаган экен жокчулук, Мамбет досумдун көлөмү токчулук. Эми сенин кезегиң турбайбы, жыл өткөн сайын өзүң да болуп бара жатасың. Кыргыздын алып батасын толуп бара жатасың. Жакшылыкты көбөйтүп, жамандыкты карачы жоюп бара жатасың”, - деп өнөктөшүнүн көлөмүнө тийишип өттү. Андан ары “Калыктай болгон атабыз, кезинде айткан кыргыздын көйгөйүн, кыргыздын айткан өрнөгүн. Кезинде Токтогул менен ырдашкан, Эшмамбет менен чырдашкан. Кайран атамды бүгүн бир ырдабайт деген эмине, Калык турса эскерилип, жыргабайт деген эмине? Калык атам кезинде казактан бери майтарып, таңгөрү кимдерди гана жеңген жок. Калса да канча өмүрлөр, Калыктай атам өлгөн жок”, - деп атаандашына сөз таштады. Мамбеттокто Мамбеторозо буга жооп иретинде “Тайыз суу дайым шар агат, терең мендей жай агат. Кичине талдап айтчы сен сөзүңдү, төккөнүң менен сабалап. Токчулук заман кезинде Асыкем толуктарды неге жеридиң. Мен Кыргызстанымды көргөндө мүйүз чыккан жок, а бирок мен карындан толкуп семирдим”, - деп тамашалуу жооп кайтарганга жетишти. Акындардын айтышы залды кыраан каткырыкка бөлөп, берилген убакыт жетпей калды. Алып баруучунун “Акынбыз деп айтыша бербегиле, силер убакытты жебегиле”, -дегенинен элдин токтосуз кол чабуусунда сахна артына узатылды.

Эл бул акындардын куйкум сөздөрүнөн кийин төкмө акын Амантай Кутманалиев менен атаандашы Садырбек Турдубек уулунун айтышына күбө болду.

Сахнага төртунчү жуп болуп Баян Акматов жана Чыңгызхан Кожошов чыкты. Анда Баян Акматов Чыңгызхан Кожошовдун директордун орун басарлыгынан чымчып сөз баштады. “Асылбек менен Мамбет айтышкандай акындарды матизке ыраа корбойсун, айтыш болот деп укканда улак чапкан адамга окшош тердейсин. Ээй, замдиректор сен неге бекинесин, азыр мен сени менен айтыш кылам ошондо сен секиресин же өкүнөсүн” десе, Чыңгызхан Кожошовдон “Кетеээрин сезип калганбы бул киши, калемин колунан тушурбой Баскан жол деген китебин чыгарыптыр. Ансыңарындай Калык атамдай болоюн дегенсип, бул Баян. Кошуналарына кошамат кылып, өзүн аты-жөнүн Ар-Ордодогу көчөлөрдүн бирине ыйгарыптыр”, -деген жооп болду.

Кийинки жуп Эл акыны Азамат Болгонбаев жана Арген Биймырза уулуна кез келди. Азамат Болгонбаев атаандашына “Жакында эле үйлөндүң, жашоо кандай болуп жатат?”, - кеп салса, Арген Биймырза уулу өз кезегинде “Үйлөнүштү сурайсыз, үйлөнгөнүңүзгө 15 жыл болуп, жашоону унутуп калгансызго”, -деп жооп кайтарды. Азамат Болгонбаев кайрадан кеп кезегин алып, Калык Акиев өз мезгилинде элдин ой санаасын, турмушун бийликке жеткире ырдаганын айтып, Арген Биймырза да Калыктай акыйкат ырдаган төкмө болушун каалап өттү.

Ошентип ата-баладай болгон соңку жуптар Абдубали Акимбеков менен Темирбек Матыбаевге кезек келди. Анда Абдубали Акимбеков атаандашын Калык Акы уулундай кыргыздын атактуу акыны бол деп батасын берип өтсө, буга Темирбек Матыбаев “Кыргызым мен дагы Элмирбек устатыма Калыктай шакирт болсом арманым жок эле”, - деп сый жооп кайтарып, аякташты.

Кеп майрамы, сөз майрамы болгон айтыш соңуна чыгып, 4 акын 70 упайдан топтоп 14 акындын ичинен финалга суурулуп чыгышты. Анда Асылбек Маратовго Баян Акматов кез келсе, Акматбек Султан уулунун атандаашы Мамбеттокто Мамбеторозо болду.

Жыйынтыгында бул акындардын арасынан куйкум сөздөрү менен төкмө акын Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ал эми биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо (100 миң сом), үчүнчү орун Баян Акматов татыды (80 миң сом). Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Кыргызга “Жаныш-Байыш”, “Курманбек” өңдүү элдик дастандарды жазып берип, тоодой эмгек кылып кеткен Калык атамды даңктап гана жүрсөк. Айтышка бала кезден бери катышып жүрөбүз көбүнчө баш байге деп күтпөйбүз. Кудайдын буйругу. Бирде кызыктыруучу сыйлыктарга илинсек, кээде кулап, бирде минтип күтпөгөн жерден баш байгеге ээ болуп калабыз. Бүгүнкү айтышта атаандаштарым Мамбет менен Баян жакшы кеп салышты. Бирок мен ойлоп атам бүгүн, акындарыбыз бир аз майдараак болду. Ошентсе да даңк-дүңкгө караганда элге пайдалуурак болду деп. Жалпы жолунан айтыш жакшы болду”, - деди баш байгенин ээси Асылбек Маратов.

Сонку жылдары айтыш байма бай өткөрүлүп келүүдө. Бул жолу өткөн айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштуруп, байге фонду 1 миллион сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан