Тимурлан Ажымалиев Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу менен жолукту

Анкара шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу мырза менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, тараптар эки өлкөнүн маданий алакасы жана Түркияда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Алгач, Тимурлан Ажымалиев Түркия тарапка кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып жатканын жана Түркияда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал мындай иш-аракеттер мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги расмий сапарларда, эл аралык келишимдерге кол коюлган маданият жаатындагы макулдашуулар олуттуу деңгээлде көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

"Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташууда жылуу достук мамилелерди сактоого маданият күндөрү, кино жумалыгы, илимий-практикалык конференциялар жана семинарлар уюштуруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Иш-чара биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы маанилүү датанын – дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгынын, Түркиянын негизделгендигинин 100 жылдыгынын жана кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын алкагында өтүп жатышы белгиленип, Батухан Мумжу мырзаны Түркиянын негизделгендигинин 100 жылдыгы менен куттуктады",-деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар маданияттын ар кандай багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун мындан ары активдештирүүнү макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан