Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынып алды

Сокулук районуна караштуу Северное дачасынын тургуну өз өмүрүн кыйгандыгын Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда милицияга 1997-жылы туулган З.Г. аттуу жаран өз өмүрүн кыйгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Териштирүү учурунда ал ошол эле күнү саат 09:00 чамасында үйүндөгү мал кармоочу сарайда арканга асынып, өз өмүрүн кыйганы аныкталды. Аны жолдошу көрүп, медициналык тез жардам кызматын чакырган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан