Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү Анталия шаарында уланууда (фото)

Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү Анталия шаарында уланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 28-ноябрда Анталия шаарында кыргыз кинолору көрсөтүлүп, “Чыңгыз Айтматов жана замандаштары” сүрөт көргөзмөсү менен коштолду.

Ага маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Руслан Казакбаев, Анталья шаарындагы башкы консул Рустам Кошонов, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Анталья облусундагы Маданият жана туризм директору Жандемир Зороглуну, Кыргызстандан барган расмий делегация, түрк кино ишмерлери, шаар тургундары жана мекендештер катышты.

26-ноябрдан башталган маданият күндөрү бүгүн, 29-ноябрда жыйынтыкталат.

Программа боюнча саат 18:00дө Анталия шаарындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында маданият күндөрүнүн расмий жабылышы чоң программадагы гала-концерт менен өтүп, көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан