Митингге чыккан Кара-Суу базарынын соодагерлери ККМден бошотулду

Кара-Суу базарынын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, митингдин катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция токтотулган.

"Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге "Дордой" жана "Тураталы эл базары" кирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Стратегиялык деп эсептелген базардагы ишкерлер 2024-жылдын 1-январынан баштап ККМ, ЭЭФ, ЭТТК колдонушпайт.

Белгилей кетсек, бүгүн Кара-Суу базарында ККМге каршы митинг болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан