"Туулган күнүмдө белекке унаа алдым". Ырчы Эльзар Өскөнбаева 36 жашка толду

Бүгүн, 30-ноябрда Маданияттын мыкты кызматкери, эстрада жана элдик фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаеванын туулган күнү. Ырчы айым өздүк майрамын утурлай “Кудайга шүгүр! Жарык жашоо берген ата-энеме ыраазымын” деп социалдык тармактагы баракчасынын тарыхчасына билдирүү калтырды.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, эң алгачкылардан болуп жолдошу куттуктап, унаа белек кылганын айтып өттү.

"Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп жолдошум, балдарым жана кайненем куттуктады. Жолдошум былтыр алтын белек кылса, быйыл Киа үлгүсүндөгү унаа белек кылып сүйүнттү. Кудайга шүгүр. Апам (кайненем) болсо керегиңе жаратып ал деп акча берди. Негизи өздүк майрамымды белгилебейм деле, бирок курбуларым болбой чакырып, чакан чөйрөдө өткөрүп калам. Бүгүн да "Маржан" тобунун кыздары жана башка чыгармачылыктагы курбуларым менен кечинде туулган күндү утурлай жолугалы деп турабыз. Ушул күнү дайыма өзүмдүн ата-энемди эстейм, ыраазычылык билдирем. Анткени бала кезде бул күндү дайыма манты жасап, өзгөчө белгилейт болчубуз. Негизи ар бирибиздин өздүк майрамыбызда манты жасалат эле. Ал учурда кийим, гүл жана көбүнчө куттуктоо баракчаларын белекке алчумун. Ал эми азыр кучагым ар түрдүү кооздуктагы гүлдөргө толуп жатат. Мындан тышкары дарегиме аруу тилектер жазылган билдирүүлөр келүүдө. Баарына ыраазычылык билдирем!", - деди ырчы Эльзар Өскөнбаева.

ЖЫЛНААМА: Ырчы Эльзар Өскөнбаева, 1987-жылы дал ушул күнү Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Таш-Башат айылында жарык дүйнөгө келген.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм искусство окуу жайынын салттык музыка жана фольклор кафедрасында окуп, Замирбек Үсөнбаев жана Роза Амановадан сабак алган. Ал “Аккан суу” дастанын айтып, “Эгиз жүрөк”, “Агатайым”, “Мага жар керек” жана “Кыз куумай” сыяктуу ырларды ырдап эл оозуна алынган.

Азыркы тапта "Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан