"Мадина" базарынын соодагерлери да ККМге каршы нааразычылык акциясына чыгышты (видео)

Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери да нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу күбөлөр SUPER.KG порталына билдиришти.

Соодагерлердин айтымында, Бишкектеги бардык базарлардын ичинен эң эле кымбат аренда төлөгөн дал ушул "Мадина" базары.

"Бишкектеги бардык базарлардын ичинен эң кымбат аренда төлөгөн биз экенбиз. 30 миң төлөйбүз, дем алыш жок бизде, киргенде да, чыкканда да акча төлөйбүз. Менмин деген "Дордой" базарынын соодагерлери 10-15 миң сом аренда төлөшөт экен. Биз ККМге каршыбыз. Биздин үнүбүз жогорку жактагыларга да жетсин",-деди соодагерлердин бири.

Буга чейин бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты.

Ал эми кечээ, 29-ноябрда Оштун "Кара-Суу" базарында да соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

"Мадина" базары
базар аламудун
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан