Эртең, 1-декабрдан баштап өлкө аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында УКМКнын жаңы имаратын ачылыш аземинде билдирди.
“Эртеңден тарта кайсы аймакта интим кызмат көрсөткөн түйүн табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары, күч түзүмдөрүнүн башчылары дароо кызматтан алынат", - деди Ташиев.
Аны менен катар төрага УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти.
Эске салсак, буга чейин УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда интимдик кызмат көрсөтүлгөн ондон ашык жайды жапкан.