Молдо Нияз тууралуу даректүү көркөм тасма тартылды

Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз тууралуу даректүү көркөм тасма тартылды. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тасма тартууга даярдык ушул жылдын январында башталган. Кадрлардын басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында тартылган. Узактыгы 55 мүнөт. Бет ачары 2-декабрда ОшМУда болот.
"Молдо Нияздын бала чагын Амир Термечиков, 17 жаш кезин Максат Адилбаев, 40 жашын Айбек Жунусов, ал эми 80 жаштагы образын Раимкул Мураталиев жараткан", - деп айтылат билдирүүдө.
Тасма улуу ойчулдун 200 жылдыгына карата ОшМУнун киноакадемиясы тарабынан тартылган. Окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу жаратылган тасманын сценарийин Нышанбек Кочкоров жазган, режиссёру Медербек Ниязалиев, продюсери Кудайберди Кожобеков болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан