Бишкекте профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгы белгиленди 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте Улуттук тарых музейинде маданиятка эмгек сиңирген ишмер, этноорганолог, КММИУнун мурдагы ректору, профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына карата Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, аны менен катар "Комуз в традиционной культуре кыргызов" аттуу монографиялык изилдөөлөр китебинин бет ачары болуп өттү.

Маалымдалгандай, аталган иш чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУ табарыбан уюштурулду.

"Конференцияда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Элмира Эшенкулова, КММИУнун жетекчилиги, Сагыналы Субаналиевдин замандаштары, кесиптештери, чет өлкөдөн келген коноктор сөз сүйлөп, эскерип кетишти",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Өзбекстан, Казакстан, Орусиядан илимпоз-окумуштуулар да келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан