"320дан ашык кызды тарбиялаган". Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш мааракеси белгиленди

Кечээ, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ”Кыз-Бурак” кыздар эстрадалык тобунун негиздөөчүсү, обончу Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, маданий, коомдук ишмерлер жана Гүлшайыр Садыбакасованын чыгармачылыгын сыйлаган инсандар катышты.
Алтынбек Максутов Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, улутубуздун маданиятына, кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымына токтолду.
“Сиз ак эмгегиңиз, бири-бирине окшошпогон жаркын обондоруңуз менен угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан, таланттарды таптаган, коомчулукта бараандуу ордуңуз бар инсансыз. Сиз менен биз сыймыктанабыз”, - деди министр.
Салтанаттуу кече Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу тартылган тасма, ал жараткан обондор камтылган концерттик программа менен коштолду.
Гүлшайыр Садыбакасова кыргыз эстрада тарыхында урма аспапта ойногон алгачкы кыздардан болгон. 40 жылдан ашуун тарыхы бар "Кыз-бурак" тобунда 320дан ашык кызды, 60тан ашык жигитти тарбиялаган. Учурда топто ырдаган кыздардын айрымдары чыгармачылык чөйрөдө эмгектенип келишет. Ал 130дан ашуун обон жараткан. Көпчүлүгү эл арасында популярдуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан