Бишкекте “Манас” эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди (фото)

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага карата Кыргызстан боюнча манасчылар, жалпы коомчулук жана мектеп окуучулары чогулду.

Залда чогулган 1000 окуучу манасчылар менен бирге манас айтышты. Келген меймандарга “Төлгө” спектаклинен үзүндү, ыр-бийден турган программа тартууланды.

Белгилей кетсек, “Манас” эпосу күнүнүн урматына жумалык жарыяланып, анын алкагында бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Алсак, Улуттук тарых музейде 7 дубандан келген 100дөн ашуун жаш манасчылар 7 саат бою тынбай манас айтышты. ”Манас эпосу жана философия", “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”», “Манастан алган беш китеп”эмгектеринин бет ачары өттү.Жер-жерлерде кароо-сынак, тегерек стол, конферециялар өткөрүлдү.

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпос 3 бөлүктөн турат - "Манас", "Семетей" жана "Сейтек", орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат.

Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак ж.б. тилдерине которулган.

“Манас” 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында “Манас” эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдуу тизмесине катталган. Ошол күндөн тарта дүйнө эли кыргыз элинин “Манас” үчилтигин адамзаттын руханий мурастарынын бири катары расмий тааныды.

2021-жылы Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. Андан бери театр алгылыктуу бир топ иштерди жасап келет. Учурда театр кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан