Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жыл бою иштей турган комплекс эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай курулат. Долбоор алты этап менен курулуп, бюджети 191 миллион долларды түзөт.
Мамлекет башчы иш-чарага келгендердин алдында сөз сүйлөп жатып, Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы эле эмес, кышы да өзгөчө керемет экенин “Каракол” лыжа базасына туристердин кызыгуусу артып жатканын белгилеген.
"Мындай шартта мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу мезгилдин талабы, туристтердин күткөн тилеги десем жаңылышпаймын”, - деген ал.
Маалыматта бул долбоор орусиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жаткандыгы айтылат.
"Долбоордун ишке ашырылышы - эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын чыңдалышына да чоң өбөлгө болуп бермекчи", - деген президент өз сөзүндө.
Ошондой эле "Спортчулар жана активдүү эс алуучулар үчүн борбор боло турган спорттук көп функционалдуу комплекс түзүүнү пландаштыруудабыз. Бул өлкөбүздө спорттун жана туризмдин өнүгүү тарыхындагы жаңы баракча болот", - деп комплекстин артыкчылыктарын белгилегени дагы айтылат маалыматта.